Жер алып берем деген шылуун аялга алдаткандар эки жылдан кийин гана арыз жазды

Жазылуу
Алданып калган жарандар жазган арыздын негизинде милиция кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 48 жаштагы тургунун кармады.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кеминде эки кишиге жер алып берем деп акчасын алган бойдон кабарсыз кеткен шылуун аял кармалды деп билдирет Чүй ОИИБ.

Милициянын фуражкасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер сатып берем деп 250 миң сом алып кеткен жаран колго түштү
Маалыматка ылайык, аталган жаран 2013-жылы 31 жаштагы жергиликтүү тургундан Ново-Павловка айылынан жер тилкесин алып берем деп 132 миң сомун жана 200 долларын алып кеткен. 

Ошол эле жылы жердин шылтоосу менен дагы бир жарандан 1000 доллар өлчөмүндөгү акчасын алып алган да, ошол боюнча жигин билгизбей кеткен.

Алданып кала берген жарандардын жазган арызынын негизинде милиция аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 48 жаштагы тургунун колго түшүрдү.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0