Мектеп окуучулары менен мугалимдерге диндин чоо-жайы түшүндүрүлүп жатат

Жазылуу
Өлкөдөгү мектептерде өтүп жаткан семинарларда дүйнөлүк диндердин тарыхы боюнча маалымат берилүүдө.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ош облусунун мектеп окуучулары дин таануу боюнча атайын окуудан өтүп жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар терроризм менен диний экстремизмдин алдын алууну үйрөнүүдө
Маалыматка ылайык, министрлик иш-чараны Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия менен биргеликте өткөрүүдө. 

Диний экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, дин жаатында мекемелер аралык байланышты бекемдөөгө арналган бул иш-чарада дүйнөлүк негизги диндер боюнча түшүнүк берилди. Андан сырткары Кыргызстандын аймагындагы диний агымдар, алардын тарыхы тууралуу маалымдалды. 

Мындай окуулардан буга чейин Бишкек шаары менен Чүй, Баткен облустарынын мектеп окуучулары жана мугалимдери өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0