Малайзиялык сүрөтчү: чыныгы бүркүтчүлүк өнөрү кыргыздарда сакталып калган

© Шимри ЛимМалазийский фотограф в Кыргызстане
Малазийский фотограф в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шимри Лим быйыл август айында Кыргызстанга келип, бүркүтчүлөрдүн сүрөтүн тартып кеткен. Ал өз эмгегин Geographic журналынын "The award winning shot" конкурсуна койгон.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik, Расул Үсөналиев. Малайзиялык сүрөтчү Шимри Лим кыргыздардын бүркүтчүлүк өнөрү алардын күчтүүлүгүн жана эрктүүлүгүн көрсөтүп турарын Sputnik агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Ал National Geographic журналынын "The award winning shot" конкурсуна Кыргызстанда тартылган бүркүтчүлөрдүн сүрөтү менен катышып жатат. 

© Шимри ЛимТоодо кымыз менен көмөч нандан табылгыс тамак жок. Жайлоого чыккан малчы.
1/5
Тоодо кымыз менен көмөч нандан табылгыс тамак жок. Жайлоого чыккан малчы.
© Шимри ЛимБалалыктын таттуу күндөрү. Жайлоодогу кыргыз кызы
2/5
Балалыктын таттуу күндөрү. Жайлоодогу кыргыз кызы
© Шимри ЛимБүркүтчүлүк кыргыздардын кылымдардан бери атадан балага мурас болуп калтырылып келген өнөр
3/5
Бүркүтчүлүк кыргыздардын кылымдардан бери атадан балага мурас болуп калтырылып келген өнөр
© Шимри ЛимКуш таптоо өнөрүндө башкаларга табышмак болгон сыр көп. Ошол сыр, ошол табышмак аларды арбап турат
4/5
Куш таптоо өнөрүндө башкаларга табышмак болгон сыр көп. Ошол сыр, ошол табышмак аларды арбап турат
© Шимри ЛимКыргызстанда жаш-карысы, аял-эркегине карабай комузда кол ойнотушат.
5/5
Кыргызстанда жаш-карысы, аял-эркегине карабай комузда кол ойнотушат.
1/5
Тоодо кымыз менен көмөч нандан табылгыс тамак жок. Жайлоого чыккан малчы.
2/5
Балалыктын таттуу күндөрү. Жайлоодогу кыргыз кызы
3/5
Бүркүтчүлүк кыргыздардын кылымдардан бери атадан балага мурас болуп калтырылып келген өнөр
4/5
Куш таптоо өнөрүндө башкаларга табышмак болгон сыр көп. Ошол сыр, ошол табышмак аларды арбап турат
5/5
Кыргызстанда жаш-карысы, аял-эркегине карабай комузда кол ойнотушат.

Лим Кыргызстанга август айында дээрлик төрт жумага келип, Талас өрөөнүндөгү Беш-Таш жайлоосунан бүркүтчүнү издеп, аны сүрөткө тартып алган. Бүркүтчүнүн кайталангыс элестерин сүрөткө тартып калуу оңой болбогонун ал мындайча эскерет.

"Бүркүтчүнү сүрөткө тартуу чынында оор болду. Себеп дегенде бизде тил билүү жагынан тоскоолдук бар эле. Мен кыргызча же орусча бир сөз билбейм, бүркүтчү да англисче билбейт. Андыктан мен аларды "мындай тургула", же "мени карагыла" деп айткан жокмун. Күн батып баратканда бүркүтчү бүркүттү колуна кондуруп, аны акыркы ууга салып жатканда фотоаппаратымды алып чыгып тартып калдым. Тартып жатканда ал мени караган. Ошол көз ирмемди кое бербей кармап калууга үлгүрдүм. Бул сүрөттү тартуу үчүн короткон убактым текке кеткен жок", — деди малайзиялык сүрөтчү.

Ал ошондой эле, ага аңчылардын жашоосу ага дайыма кызык болуп келгенин айтат. Өзгөчө бүркүттү таптоо, алардын тоо шартында аң уулоосу, негизи эле куш салуу салты абдан суктанарлык экенин ал баса белгиледи.

Конкурска койгон сүрөттөрү боюнча ал буларга токтолду.

"Бийик тоодо табият менен таттуу мамиледа жашаган эл, бүркүт таптап асманды да, жерди да багындырышат. Мен алардын жашоосунда табышмактуу, башкаларды суктанткан нерсе көп деп ойлойм, андыктан ошол сулуулукту, табышмактын жообум таап сүрөткө тартып калгым келди", — дейт ал.

Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен - Sputnik Кыргызстан
Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен
23 жаштагы Шимри Лим учурда Малайзиянын Улуттук коргоо университетинин медициналык факультетинин акыркы курсунда окуйт. Ал окуусун аяктагандан кийин Малайзиянын армиясында дарыгер болуп иштерин билдирди. Ал саякаттап, түрдүү кишилердин жашоосун, ошол көз ирмемдерди сүрөткө тартып калууну абдан жактырат. Буга чейин Непал, Индия, Индонезия, Австралия сыяктуу мамлекеттерде болгон. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргызстанга келген. Кийин мүмкүнчүлүгү болуп калса, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн да кыдырсам деген тилеги бар экенин айтты.

P.S. Сүрөттөр ушул материал үчүн гана колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0