Атамбаев Парижде терактан каза болгондордун монументине гүл койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Париждеги террористтик акттын курмандыктарын эскерүү маалында.
Алмазбек Атамбаев Париждеги террористтик акттын курмандыктарын эскерүү маалында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Францияга жасаган иш сапарынын алкагында Республика аянтына барды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Францияга жасаган иш сапарынын алкагында Париждеги террористтик акттын курмандыктарын эскерип, Республика аянтындагы монументке гүл койду. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Париждеги конференцияда Кыргызстан жаңы климаттык келишимди кабыл алууга чакырды
Атамбаев 30-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясынын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн.

13-ноябрда Парижде бир нече теракт болгон. Белгисиз адамдар ресторандардын биринде ок чыгарган. Ал эми Франция менен Германиянын футбол боюнча топтору ойноп жаткан "Стад де Франс" стадионуна жакын жерде үч жардыруу болгон. Оюнду көрүүчүлөрдүн арасында француз президенти Франсуа Олланд бар болчу. Андан тышкары, рок-концерт жүрүп жаткан "Батаклан" театрында эл барымтага алынган. 129 киши каза болуп, 350дөн ашык киши жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0