Президент майыптар жашаган социалдык мекемелерге 7 млн. сом бөлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттын 6 миллиондон ашыгы тиричилик буюмдарын жана керектүү нерселерди сатып алууга жумшалса, калган акчага майрамдык дасторкон жайылат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган 10 социалдык мекемеге 7 миллион 117 миң сом бөлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кары адамдын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн багуусундагы майып кары-картаңдар майлуу тамак менен дары-дармекке муктаж
Акча алууга арналган сертификаттар 3-декабрда ббелгилене турган Эл аралык майыптар күнүнө карата берилди.

Президенттик фонддон бөлүнгөн 6 миллион 163 миң сом тиричилик буюмдарын жана керектүү нерселерди сатып алууга жумшалат. Мындан тышкары 954 миң сом майрамдык дасторкон жаюуга арналган. 

Президенттин кеңешчиси Икрожан Илмиянов социалдык мекемелердин жетекчилери менен жолугушууда алардын талыкпаган эмгеги менен жумушка берилгендигине ыраазычылык айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0