Министрлик кенже класстын эжекелеринин билим деңгээлин жогорулатат

© Sputnik / Табылды КадырбековОрто мектепте сабак учуру. Архив
Орто мектепте сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылдан тарта баштала турган окуудан өлкөнүн 10 миң мугалими жана 1,5 миң мектеп директорлорунун орун басарлары өтмөй болушту.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаңы жылдан баштап Кыргызстандагы мектептердин башталгыч класстын балдарын окуткан мугалимдердин жаңы окуу стандарттары боюнча квалификациялары жогорулай турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окутуулар үч циклден туруп, анын биринчиси 2016-жылдын 1-январынан башталат. Калган экөө кийинки окуу жылдарында өтмөкчү. 

Зымсыз интернеттин белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу аймак менен элет мектептерине зымсыз интернет жетет
Иш-чаранын алкагында мугалимдер үчүн окуу планынын жаңы ыкмалары, саат менен сабактардын бөлүштүрүлүшү, окуу нормалары, пландаштыруу, окуучулардын билимин баалоо, ошондой эле окутуунун интерактивдүү ыкмалардын окутулушу каралган. Ал эми мектеп директорлорунун орун басарлары жаңы предметтик ченем, окуу куралдары жана ыкмалар, насаатчылык иштер боюнча окуудан өтүшөт.

Жалпы жонунан окутуу республиканын 10 миң мугалими менен 1,5 миң орун басарын камтымакчы.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өткөрүү пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0