Жалал-Абадда милиция "террорчулардын барымтасында калган окуучуларды бошотту"

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадУчения милиционеров в Жалал-Абадской области
Учения милиционеров в Жалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгуунун биринчи этабы мындан 10 күн мурун өткөн. Анда аскердик жүрүш өтүп, иш-чара ар кандай спорттук таймаштар менен коштолуп келген.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жалал-Абад ОИИБ Сузак айылындагы террорчулар барымтага алган №2 "Домата" орто мектебинин окуучулары менен мугалимдерин "куткарып" чыгышты.

Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен УКМК, облустук ИИБ баштаган күч органдарынын "Антитеррор-2015" деп аталган аскердик машыгуусунун 2-этабы өтүп, анда болжолдуу сценарий боюнча террорчулардын колунда калган окуучулар менен мугалимдер бошотулду.

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадЖалал-Абад ОИИБ Сузак айылындагы террорчулар барымтага алган №2 "Домата" орто мектебинин окуучулары менен мугалимдерин "куткарып" чыгышты
1/3
Жалал-Абад ОИИБ Сузак айылындагы террорчулар барымтага алган №2 "Домата" орто мектебинин окуучулары менен мугалимдерин "куткарып" чыгышты
© пресс-служба УВД города Жалал-АбадМашыгуунун биринчи этабы мындан 10 күн мурун өткөн
2/3
Машыгуунун биринчи этабы мындан 10 күн мурун өткөн
© пресс-служба УВД города Жалал-АбадАнда аскердик жүрүш өтүп, иш-чара ар кандай спорттук таймаштар менен коштолуп келген.
3/3
Анда аскердик жүрүш өтүп, иш-чара ар кандай спорттук таймаштар менен коштолуп келген.
1/3
Жалал-Абад ОИИБ Сузак айылындагы террорчулар барымтага алган №2 "Домата" орто мектебинин окуучулары менен мугалимдерин "куткарып" чыгышты
2/3
Машыгуунун биринчи этабы мындан 10 күн мурун өткөн
3/3
Анда аскердик жүрүш өтүп, иш-чара ар кандай спорттук таймаштар менен коштолуп келген.

Атайын операцияга облустук ИИБ ыкчам аракеттенүү отряды, ИИМдин атайын багыттагы бөлүгү, кинологдор, райондук милициянын тергөө тобу, УКМКнын облустук жана райондук кызматкерлери, Улуттук Гвардиянын аскерлери, саперлору, өрт өчүргүчтөр, тез жардам кызматы баштаган топ катышты. Машыгууга жергиликтүү тургундар, билим берүү кызматкерлери, ИИМдин ардагерлери, элдик кошуундун мүчөлөрү болуп жалпысынан 1,5 миңге жакын адам күбө болду. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК эл көп чогулган жерде терроризмге каршы иш-чараларды өткөрүүдө
Иш-чаранын соңунда Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева машыгууда күжүрмөн даярдыгы, тайманбастыгы менен айырмаланган, активдүүлүгүн көрсөткөн күч түзүм жетекчилерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйлады. 

"Антитеррор-2015" аскердик машыгуунун алгачкы этабы 21-ноябрда өткөн. Анда миңге чукул адам катышкан аскердик жүрүш болуп, ок атуу талаасында машыгуу, спорттук мелдештер менен коштолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0