Протез бутту даярдоо. Архив

Кыргызстанда протездик-ортопедиялык буюмдар жасала баштады

76
Кыргызстанда 165 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт, анын 27 миңи жаш балдар. Премьер-министр бул алты миллиондуу мамлекет үчүн көп экенин белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга колдоо көрсөтүп, аларды жалгыз калтырбайт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандагы протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоого зарыл уникалдуу жабдууну ишке киргизүүгө арналган иш-чара учурунда билдирди. 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалыматка ылайык, жаңы заманбап жабдуу Дүйнөлүк банктын "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" долбоору боюнча алынган.

Премьер-министр лазердик платформа жана "акылдуу батек" деп аталчу тамандын кемчиликтерин аныктоочу жабдуулар менен таанышты. Компьютердик башкаруудагы жогорку тактыктагы лазердик платформа протездерди чогултууда кынтыксыз иш аткарууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, өкмөт башчы мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборунун бейтаптары менен жолугуп, 165 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран Кыргызстан үчүн көп экенин белгиледи. Алардын 27 миңи – жаш балдар. 

"Моюнга алуу керек, бул көрсөткүч алты миллион саны бар калк үчүн көптүк кылат. Ар бир кыргызстандык өз ден-соолугуна кам көрүп, адистерге өз учурунда кайрылып турушун каалайт элем. Өз учурунда көрсөтүлгөн медициналык жардам көптөгөн оорулардан сактанууга мүмкүндүк берет. Биз мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга колдоо көрсөтүп, жалгыз калтырбайбыз", — деди премьер-министр.

Анын айтуусу боюнча, өкмөт протезге муктаж болгон жактарга тийиштүү жардам көрсөтүп, жаш балдар кичинесинен тарта протездер менен камсыздалып, коомдо толук кандуу жашоого ылайыкташуусуна көмөк берет 

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборун кыдырып чыккан соң, Сариев муздаткыч белек кылып, ошондой эле мекеме кардарларын ташуу үчүн эки автоунаа менен камсыздоону убадалады.

76
Белгилер:
протез, борбор, ден соолук, Темир Сариев
Тема боюнча
Майып Шүкүровдун үй-бүлөсү жаңы үйгө кирди
Россиянын Оштогу консулдугу майыптарга коляска белекке берди