Садык Шер-Нияз ТүркПА комиссиясын жетектемей болду

Жазылуу
Түрк тилдүү мамлекеттердин ассамблеясынын кийинки жыйыны Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) VII пленардык жыйыны Бишкекте өтө турганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТүркПАнын мүчөлөрү Бишкекте IV отурумга чогулат
Мындай чечим Астанада өткөн VI жыйында белгилүү болду. Ага ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков менен парламенттин бир катар депутаттары катышты.

Иш-чарада ТүркПАнын социалдык, маданий жана гуманитардык маселелери боюнча комиссиясын депутат Садык Шер-Нияз жетектесе, ал эми анын кесиптеши Дастан Жумабеков ассамблеянын экономикалык кызматташуу боюнча комиссия төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Жыйын соңу менен Астана декларациясы кабыл алынып, кийинки чогулуш 2016-жылдын экинчи жарымында Бишкек шаарында өтө турганы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0