Сариев: тоо лыжа базаларынын иштешине жергиликтүү эл тоскоол болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЛыжа базасындагы эс алуучулар. Архив
Лыжа базасындагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Кыргызстанда туристтердин кышкы эс алуусуна бардык шарттар бар экенин белгилеп, буга карабастан мындай жайлардын иштешине эл өзү кедергисин тийгизип жатканына нааразыланды.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев ЗИЛ тоо лыжа базасын электр менен камсыздоону үч күндүк мɵɵнɵттɵ калыбына келтирүүнү Сокулук районунун айыл башкармалык жетекчилери менен жолугушуусу учурунда тапшырды. 

Анын айтымында, туристтердин агымын кɵбɵйтүү аракеттерине карабастан, айрым учурларда тоо лыжа базалары менен эс алуу жайлардын иштешине каршылык кɵрсɵткɵн жергиликтүү элдин тоскоолдуктары кездешет. 

"Өкмɵт Кыргызстанда туризмди ɵнүктүрүү үчүн аракеттерди кɵрүүдɵ. Биз үзгүлтүксүз түрдɵ туристтик тармакты ɵнүктүрүү зарылдыгы тууралуу сɵз кылып келебиз. Ал үчүн бизде бардык шарттар – кооз жаратылыш, ар кыл трассалар салынган тоо лыжа базалары бар. Бирок жергиликтүү элдин тоскоолдуктары кендирди кесип келет. Алар туризм тармагында иштеген ишкерлердин жарыгын ɵчүрүп салууда", — деди Сариев.

Буга байланыштуу премьер-министр өкмɵттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнɵ жана Ысык-Ата районунун акимине үч күндүк мɵɵнɵттɵ ЗИЛ тоо лыжа базасын электр менен камсыздоо маселесин чечүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Сариев жаңы эрежелер киргизилип, ага ылайык, мындан ары карай жер тилкелерин трансформациялоо маселеси жергиликтүү бийлик органдарынын артыкчылыктуу укугу болуп саналарын белгиледи.

"Эгерде мурда ар бир адам айыл чарба жаатындагы жерлерди сатып алып, аны трансформациялаган соң, сатууга укугу болсо, эми мындай кылууга жол жок. Трансформацияланууга тийиштүү ар бир жер тилкеси генералдык планга ээ болуусу тийиш", — деп жыйынтыктады сөзүн прембер-министр.

"ЗИЛ" тоо лыжа базасы Бишкек шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кыргызстандын тоо лыжа базалары тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0