Токмокто дагы бир мыйзамсыз нефтебаза аныкталды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБензовоз. Архив
Бензовоз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандан машинанын багына куюлуп келген май жерге көмүлгөн атайын цистерналарга бөлүштүрүлгөн.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Токмокто колго жасалып жабдылган дагы бир нефтебаза аныкталганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, дизель менен бензин багына бир тонна май баткан унаалар аркылуу Казакстандан ташылган. Кыргызстанга келгенден кийин алар жерге көмүлгөн цистерналарда сакталган. Тийиштүү көлөмдө чогулгандан кийин май бустардын кузовунун ичине орнотулган цистерналарга куюлуп, ташылган.

"Текшерүү маалында аталган базада 8 тонна дизель майы бар экени анык болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча жасалган базанын иштегенине 20 күндөй убакыт болгон. Учурда иштин чоо-жайын иликтөө боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0