Певица Каныкей стала мамой

Ырчы Каныкей: Биздин үйгө бакыт келди уулдуу болдук

(жаңыланган 14:10 09.12.2015)
Кыргыз эстрадасында өзгөчө үнү, стили менен айырмаланган Каныкей бактылуу ирмемдери менен бөлүштү. Ал мындан бир нече жума мурда уул төрөгөн.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Каныкей социалдык тармактагы Instagram баракчасына жаңы төрөлгөн уулунун жана жолдошунун, өзүнүн сүрөтүн жарыялады. Ал уулуна Алим атын ыйгаргандыгын билдирген.

11.11.2015 Биздин уйго бакыт келди!!! Алим атуу уулдуу болдук!

Фото опубликовано KANYKEI (@kanykei_original) Дек 7 2015 в 6:51 PST

Ырчы бөбөк менен түшкөн сүрөттөрүнө "Биздин үйгө бакыт келди. Алим аттуу уулдуу болдук. Балам бактым, балам базарым!.. Атасынын баласы", — деп бактылуу ирмемдери менен бөлүшкөн. 

Атасынын баласы)))

Фото опубликовано KANYKEI (@kanykei_original) Дек 7 2015 в 8:02 PST

Ырчы кош бойлуу кезинде социалдык тармактарда жараткандан жакшылык тилеген. 

Кыргыз эстрадасында өзгөчө үн, стили менен айырмалаган ырчы Каныкей 2014-жылы турмушка чыгып, чыгармачылыгына убактылуу тыныгуу жарыялаган.

Белгилер:
эстрада, Instagram, Каныкей
Тема боюнча
Кыргызстандын эстрада ырчысы Мирбек Атабеков уулдуу болду
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив

Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт

(жаңыланган 15:26 19.04.2021)
Жаңыланган келишимге ылайык, сиздин адаттарыңызды жана табитиңизди анализдөө үчүн WhatsApp колдонуучулардын жеке маалыматтарын Facebook тармагына өткөрүп берет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.

Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.

Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.

Белгилер:
эреже, өчүрүү, жазышуу, аңдуу, WhatsApp
Тема боюнча
Clubhouse колдонгон 1,3 млн. кишинин маалыматы ачыкка чыгып кетти
Оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө омурткага операция учурунда. Архив

Нарын облусунда биринчи жолу грыжаны алган операция жасалды

(жаңыланган 15:16 19.04.2021)
Мындан ары грыжасы бар бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышары белгиленди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Нарын облусунда бел омурткасында пайда болгон грыжаны алган алгачкы операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн травматологу Талант Калдыбаев билдирди.

Анын айтымында, 14-апрель күнү 41 жаштагы бейтаптын төртүнчү жана бешинчи бел омурткасындагы (L IV-L V) грыжасы алынган. Бейтап бул илдеттен жети жылдан бери жапа чегип келген.

"Бүгүн бейтапка операция жасалганына 5 күн болду, бутуна туруп басып калды. Учурда абалы жакшы. Эми бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасата алышат", — деди дарыгер.

Бул операцияны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков, директордун дарылоо иши боюнча орун басары Эламан Алиев жана травматология бөлүмүнүн травматолог дарыгери Талант Калдыбаев жасаган.

Белгилер:
бейтап, операция, грыжа, Нарын
Тема боюнча
Невролог Батыров: остеохондроз күчөп отуруп грыжага айланат