ӨКМ: зилзаладан жабыркагандар үчүн 55 контейнер даяр болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРКонтейнерлер. Архив
Контейнерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мобилдүү турак жай болуп жасалган контейнерлерде электр монтаждык жабдуулар жана эшик-терезелери орнотулуп, бардык шарттар каралган. Ал кышкы суукка туруштук берери айтылууда.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн убактылуу баш паанек катары 55 мобилдүү турак жайга ылайыкташтырылган контейнер жасалып бүткөнүн ӨКМ билдирди.

Кыргызстанда кайтадан жер силкинди
Маалыматка ылайык, аталган турак жайлар 4-5 күндүн ичинде жеткирилиши күтүлүүдө. Учурда зилзаладан жабыркап үй-жайсыз калган ондогон үй-бүлөлөр мобилдүү турак жайлар менен камсыздалган. 

ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунун башчысы Асылбек Жусубалиевдин айтымында, экиден үй-бүлө жашай турган контейнерде электр монтаждык жабдуулар жана эшик-терезелери орнотулган. Бул контейнерлер бардык шарттары менен даяр болуп заманбап каражаттар менен жасалгандыктан, кыш айынын суугуна да туруштук берет.

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү түштүк аймакта болгон жер титирөөдөн 400гө чукул турак жайлар жараксыз абалга келген. Мындан улам Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Кыргызстандын аймагында иштеген компаниялар тарабынан 86 контейнер берилген. Учурда алар четинен мобилдүү турак жай болуп жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0