Бишкекти кардан 16 техника тазалоодо

Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары жолдорго кум чачып, тротуарлардан карды күрөп жатышат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Түндө жааган карды Бишкек шаарында 16 атайын техника тазалап жатканын Sputnik агенттигине мэрия билдирди.

Бүгүн таңкы 5тен 9га чейин Бишкектин көчөлөрүнө эки кум чачуучу унаа, бир самосвал, төрт трактор жана жети кар тазалоочу унаа чыкты. 

Тротуар менен аллеяларды тазалоого "Тазалык" ишканасынын бардык көчө шыпыргычтары жана жол-эксплуатациялык башкармалыктын 16 кызматкери чыкты.

Мэрия көчө менен жолдорду кардан тазалоо иштери улантылып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0