Россияда Рейхстагга кирген жоокерлердин акыркысы каза болду

© Sputnik / Владимир Гребнев / Медиабанкка өтүүРейхстаг мекемесине желек коюу. Архив
Рейхстаг мекемесине желек коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
94 жашында каза болгон Николай Беляев Россиядагы согуш ардагерлеринин ичинен Рейхстагды камалап киргендердин акыркысы эле. Ал комсорг болгон 756-полктун жоокерлери Рейхстагга Кызыл Тууну сайган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Рейхстагга кирип, ага туу сайган жоокерлердин акыркысы болгон ардагер, Петербургдун жашоочусу Николай Беляев каза болду. Ал комсорг болгон 756-полктун жоокерлери Рейхстагга Кызыл Тууну сайган.

"Николай Беляев запастагы офицер, андыктан, Уставга ылайык жерге берилет. Акыркы сапарга узатууда Ардак кароол турат жана оркестрдин музыкасынын коштоосунда үч ирет салют атылат ", — деп билдиришти Батыш Аскердик округунун маалымат кызматы. 

Жеңишти Рейхстагдан тоскон Тенти аксакал жана "Гестапонун үйүндөгү" глобус
Беляев 1922-жылдын 22-октябрында туулган. Ал согушта Мурманскини, Риганы, Варшаваны басып өтүп, Берлинге жеткен. Майданда үч ирет жарадар болгон. 

Беляев – Рейхстагды алгандардын акыркысы. Анын түздөн-түз катышуусу менен 756 – полктун чалгынчылары Егоров менен Кантарияга Рейхстагдын төбөсүнө орнтотуу үчүн Жеңиш туусун тапшырылган. 

Согуштан кийин Тынч океан флотунда кызмат өтөп жана 40 жылга чукул "Кызыл Туу" фабрикасында эмгектенген. Ардагер Жеңиш күнүн майрамдаган учурдарда бир нече ирет Берлинде болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0