Сарпашев: МККнын аймактык бөлүмдөрү бир борборго биригет

© Родионова ДиляКалкты тейлөө борбору. Архив
Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калк тейлөөнүн бирдиктүү борбору жарандардын бир эле жерден тийиштүү документтерге ээ болуусуна өбөлгө түзмөкчү.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү бара-бара Калкты тейлөө борборуна бириге турганын аталган мекеменин кызматы Тайырбек Сарпашев Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда кызматтын аймактык бөлүктөрү мышык ыйлагыдай абалда. Көптөрү кеңсени ижара алса, айрымдарынын жылуулук системасы иштебейт.

"Бөлүмдөрдүн ар кайсы аймакта чачкын жайгашышы да тургундарга бир топ ыңгайсыздык жаратып келет. Ошондуктан, аймактык бөлүмдөрдү Калкты тейлөө борборуна бириктирүү максатка ылайык иш. Мындай борбор жарандарга бир эле жерден тийиштүү кызматтарга ээ болуусун шарттайт", — деди Сарпашев.

Төрага жыл аягына чейин Каракол шаарынын тейлөө борборун кеңейтүү каралып жатканын кошумчалап, 2016-жылдын аралыгында жаңы борборлор Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарлары менен Жети-Өгүз районунда ачыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0