Өкмөт башчы кышкы сезонду Караколдон ачат

© Сергей Ершов, КыргызстанЛыжа базасы. Архив
Лыжа базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темир Сариев эки күнгө созулган иш сапар менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Өкмөт башчы аймакта мектептин жана эстеликтин ачылыш аземине катышып, бир катар объектилерди көрөт.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Каракол тоо лыжа базасында кышкы сезонду ача турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Премьер-министр Темир Сариев Нарынды түрө кыдырууда
Бүгүн өкмөт башчынын Ысык-Көл облусуна карай эки күндүк иш сапары башталды. 

Анын жүрүшүндө Сариев Светлая Поляна айылындагы жаңы мектептин ачылыш салтанатына, андан соң Каракол шаарында Пушкин атындагы сейил бактагы акындын эстелигинин ачылышына арналган иш-чарага катышат.

Ошондой эле өкмөт башчы Ак-Суу районундагы гипс чыгаруучу заводдун курулушу менен жеринен таанышмакчы.

Күндүн экинчи жарымында Сариев Каракол шаарында Кыргызстандагы туризм тармагынын көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүүнүн жолдору маселесине арналган жыйындын ишине катышуусу пландалган.

Сапар соңунда премьер-министр Каракол тоо лыжа базасында Кыргызстандагы кышкы туристтик сезонду ачуу аземине арналган иш-чарага катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0