Президент Алмазбек Атамбаев. Архив

Президент террорчуларды жок кылууда жарадар болгон жоокердин дарылануусуна акча бөлдү

47
(жаңыланган 12:41 11.12.2015)
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайы операция маалында "Жайшуль-Махди" агымынын жана эл аралык террористтик топтун эки мүчөсү жок кылынган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев түндө Бишкек шаарында террорчуларды жок кылуу операциясында жарадар болгон жоокердин дарылануусуна акча каражатын бөлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн түнү УКМК Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда борбор калаа менен Чүй облусунда терактыларды уюштурууга ниеттенген эл аралык террористтик топтун эки мүчөсүн жок кылган

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги аталган террорчулар милиционер Актилек Абдувалиевди өлтүргөн кылмышкерлер экенин маалымдады

Атайын операция учурунда бир жоокердин жабыркаганы айтылган. Ооруканага жаткырылган аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык экени белгилүү болгон. 

Атамбаев жоокердге тез сакайып кетүүсүн каалап, ага материалдык жардам көрсөттү. Мындан тышкары, жалпы УКМК кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, өлкө жана жарандардын коопсуздугу үчүн терроризм менен экстремизмдин алдын алуу боюнча кескин чараларды көрүүсүн талап кылды.

47
Белгилер:
жоокер, жардам, УКМК, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
УКМК: Бишкекте теракт кылууну мелжеген согушкерлер Чыгыш-5 кичи районунда жок кылынды