Мэрия таштанды челектердин жанында токтотулган унааларды эвакуациялайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТуура эмес парковка кылынган автоуунаны эвакуациялоо. Архив
Туура эмес парковка кылынган автоуунаны эвакуациялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык муниципалитет көп учурда унаалардан өтө албаган "Тазалык" ишканасынын техникасы таштандыларды алып кете албай жатканын маалымдоодо.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Таштанды челектердин алдына токтотулган унаа ал жактан акыр-чикирди алып кетүүгө тоскоолдук жаратып жатканын мэрия белгилейт.

Мындан улам шаардык муниципалитет бардык айдоочулардан машиналарды таштанды челектер турган жерден өтүп токтотууну өтүнөт.

Мэрия челектердин жанына токтотууну уланта берген айдоочулардын машинасын эвакуациялоого аргасыз болорун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0