Кычыраган токсон күндүк суук бүгүнтөн тарта башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучулары кышында. Архив
Мектеп окуучулары кышында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар байыртадан бери эле айга, күнгө карап суук качан түшөрүн, кар качан жаай турганын боолголоп билип келген. Мындай ай-күн календарын бүгүн да түзүп, аны колдонуп келгендер бар.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Мындай календарь табигат менен тыгыз байланышта түзүлгөнү анын өзгөчөлүгүн аныктап турат. Ай-күн календарын түзгөн Төрөн Жумаев Sputnik агенттигине токсон күндүк суук жана кыш чилде тууралуу айтып берди.

Анын айтымында 90 күнгө созулган "токсон" мезгили 13-декабрда башталат. "Токсон" түшкөн соң 25 күндөн кийин 40 күнгө созулган "кыш чилде" башталат. "Кыш чилде" 8-январь менен 18-февралдын ортосуна туш келет. 18-февралдан кийин дагы 25 күндөн соң 90 күнгө созулган "токсон" мезгили аяктайт. Башкача айтканда 13-мартта бүтөт. 

Жумаев кыш чилдени алты жандоочусу бар экенин мындайча түшүндүрдү:

1. "Кырдач" – алты күнгө созулат.

2. "Адынын алты уулу". Бул да алты күнгө созулуп, 19-январда аяктайт. Бул күн кыш чилденин эң суук күнү катары белгилүү. Орустарда бул күндү "Крещенские морозы" деп белгилеп, майрамдашат.

3. "Жетинин жети уулу" — деген 7 күндүк суук келет. Ал 26-январда аяктайт.

Автотыгын, жол кайгуул кызматынын инспекторлору – Бишкектеги жума күн ушинтип башталды
4. "Каңтар" деген күн 27-январга туура келген бир күндүк суук. "Каңтар" сөзү сууктун теңи бүттү, суук каңтарылды деген маанини берет. Казактар январь айын "Каңтар" деп аташат.

5. 28-январдан 11-февралга чейин "Үт" деген 15 күн келет. Бул убакыт аралыгында кар көп жаайт. Андыктан кар мол болсо "үт келди", аз жааса "жут келди" деп коюшкан. Буга байланыштуу кыргыз элинде "жакшылыгын алса үт, жамандыгын алса жут" деген макал дагы колдонулган.

6. Кыш чилденин эң акыркы жан-жөкөрү "апкыт-сапкыт алты күн" деп аталат. Бул убакыт 12-февралдан 17-февралга чейин туура келет. 18-февралда кырк күнгө созулган кыш чилде бардык айкмакта бүтөт.

40 күнгө созулган кыш чилде ичинен — "темир аяз", "мүйүз аяз" жана "кийиз аяз" деп бөлүнөрүн Төрөн Жумаев айтат. 

"Темир аяз" мезгили – 8-январдан 18-февралга туура келет. 19-27-февраль аралыгы "Мүйүз аяз" деп аталса, "Кийиз аяз" күндөрү 28-февралдан 13-мартка чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0