Медет Садыркулов каза болгон автоунаа. Архив

Өрттөлгөн Садыркулов. Өткөнгө саресеп. Кудайга койгон Гаипкулов

6588
(жаңыланган 16:02 08.10.2017)
Кесиптештери Садыркулов өлбөгөндө сексенге жакын кишини Бакиев бийлиги ата албайт эле деген пикирин билдирсе, соратниктеринин бири анын өмүрүн кыйгандарды Кудайдын жазасына коёрун айтат.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бүгүн мамлекеттик жана саясий ишмер Медет Садыркулов көзү тирүү болгондо 62 жашка чыкмак. Кыргызстандын эки президентинин бийлигинин тушунда президенттик аппаратты жетектеп, саясий кризистин менеджери атыккан бул кишинин соңку трагедиялуу өмүрү ар бир кыргызстандыкка маалым. Бүгүн аталган саясий фигура туурасында кеп кылып, аны менен иштешип калган кесиптеши менен соратнигин кепке тарттык.

Медет Садыркулов на последней рабочей поездке в Дубай
фото из архива служебной деятельности Медета Садыркулова
Медет Садыркулов Дубайга болгон акыркы сапарында

Ошол учурлары президенттин басма сөз кызматынын эксперти, жетекчиси, кийин Садыркуловдун – президенттик администрация жетекчисинин орун басары болуп иштеген, учурда "Бир бол" саясий партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев төмөнкүчө эскерди. 

Ал Садыркулов мамлекеттик деңгээлдеги чоң саясатчынын, жакшы адамдын сапаттарына ээ болгондугун жана Кыргызстандагы кадр тандоо саясатынын системасын түзүп, оң жолго коюп кеткендигин айтат. 

"Иштешип калган жылдары анын мамлекет үчүн күйгөн, мекенчилдик позициясынын өзгөчө бекемдигин көп байкадым. Кандай гана маселе болбосун, айрыкча, эл аралык маанайдагы чечимдерди кабыл алып, карап жатканда ушул позицияны абдан жакшы карманчу. Дагы бир сапаты — уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, б.а. тубаса администратор болучу. Андан сырткары саясий процесстердеги сезимталдыгы ушунда эле, окуянын артында жүрбөй, алдын ала көрө билчү. Аларды талдап жана эч кимден чочулабай, бийликтен, президенттин айланасынан кылчактабай, баары менен сүйлөшүп пикир алышчу. Ошол кездеги оппозициядан да көптөгөн кадрларды тартууда бул киши абдан чоң эмгек сиңирген. Дегиңкиси эле, кадрларды тандап жана өстүрүү системасын бир топ калыптандырып, жолго койгон ",— деп айтып берди Досалы Эсеналиев. 

"Ага аңчылык кесилген кулак менен манжаны жибергенде эле башталган…"

Ал эми жакын сааналашы, соратниктеринин бири — коомдук жана мамлекеттик ишмер Искендер Гаипкулов Садыркуловдун айтканынан кайтпаган өжөр жана күчтүү психолог катары эскерип, трагедиялуу өлүмүнө принципиалдуулугу да себепкер болду дейт.

Медет Садыркулов с родителями
фото из семейного архифа Медета Садыркулова
Ата-энеси менен

Гаипкулов Садыркулов менен жыйырма жылга жакын алака-катышта болуп, саясий майданда көптү үйрөткөндүгүн, ал бетке айткандыгынын айынан Акаевдин айланасындагыларга жакпай, кызматтан кеткендигин эстеди.

"Күчтүү психолог болгондуктан, кишини бир сүйлөшкөндө баамдайт эле. Ишке алып жатканда маалымат жазылган баракка чапталган сүрөтүн көрүп туруп баа берип койчу. Эки жыл бир системада иштештик, 1998-жылы финансист болуп жүрө бербестен, саясатка үйрөн деп чакырып, "Менин өлкөм" саясий партиясын чогуу түптөгөнбүз… Ал президенттик аппаратка жетекчи болуп келди. Түздүгүнөн, үй-бүлөнүн мамлекетти башкарууга киришип кеткендигин айтып-дегенинен ошол кездеги президенттин жубайы Майрам Акаева менен тил табышпай кызматтан кетти", — деп эскерди Гаипкулов.

Коомчулукта да мамлекеттик бийликке үй-бүлө кирише баштагандыгын ачык айтып, аны токтотуу туурасында коңгуроо каккандыгы үчүн "көздөн далдаа" иретинде Иранга элчиликке "узатылганы" айтылып келет.

Медет Садыркулов с Турсунбек Акуном
фото из архива служебной деятельности Медета Садыркулова
Укук коргоочу Турсунбек Акун менен

Акаев өлкөдөн качып, бийлик алмашып, бир канча убактан кийин тагдыр кайра Садыркуловду президенттин аппаратынын жетекчилигине алып келет. Ал президент Курманбек Бакиевдин өзүнө жана анын тегерегине топтолуп алган аке-үкөлөрү, бала-чакасы тарабынан өлкөдөгү мамлекеттик саясат туура эмес жүргүзүлүп жаткандыгын тике эле айткандан кийин, эскертүү "коңгуроолору" кагылып баштаган. Бул туурасында Гаипкулов төмөнкүчө эскерди.

"Өлкөдөгү башкаруу курсунун кыйшайып бара жаткандыгын Бакиевге ачык айткан жайы бар. Садыркуловдун мындай кадамдарынан кийин кесилген кулак менен манжалар жибериле баштады. Президенттин бир туугандары күчөп, башкаруу ыкмасы өзгөрө баштагандыгын көргөндөн соң, баш тартып, баса берди. Анын кийинки жасай турган кадамдарынан коркуп кеткен бийлик өрттөп жок кылды. Мындай трагедияга Медеттин принципиалдуулугу, беттегенин бербегендиги да себепкер болду", — деди санаалашы Гаипкулов.

"Садыркулов өлбөгөндө 2010-жылдагы революция болбойт эле…" 

Садыркуловдун кырсыкка шылтоолоп, өрттөлүп өлтүрүлүшү элдин үрөйүн гана учурбастан, ал мамлекеттин кийинки тагдырына, бир нече адамдардын өлүмүнө себепкер болду. Тагыраагы, бул саясатчы Бакиевдин бийлигин жөндөп, жолго салып турганда революция да болбойт эле, эл да кырылбайт эле дешет.

Медет Садыркулов в МИДе Ирана на подписании соглашений
фото из архива служебной деятельности Медета Садыркулова
Ирандын Тышкы иштер министрлиги. Кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюу учуру

Эсеналиев эгерде ошол учурдагы бийлик Садыркуловдун сөзүн укканда, ал сунуштаган программаны кабыл алганда Кыргызстандагы 2010-жылкы саясий окуялар, кан төгүлүү болбойт эле деген пикирин айтат. 

Анын айтымында, ошол кезде президенттин алдында эки тандоо болгон. Саясий процесстерди сырттан келген политтехнолог Владимир Никитин (Африканыч) сунуштап, Оксана Малеванная менен бирге иштеп чыгышкан саясий башкаруунун жаңы форматына өткөрүү (секретариат, ЦАРИИ түзүлдү) жолу иштелип чыккан. Ал эми Садыркулов жетектеген топ — Азамат Дикамбаев сыяктуу белгилүү экономисттер өзүнчө долбоор иштеп чыккан. Алар Кыргызстан саясий стабилдүүлүккө жеткенден кийин, 5 жылдык, 3 жылдык программаларды түзүп, экономиканын гана үстүндө иштөө программасы болучу. 

"Ошол кезде Бакиев тилекке каршы, эки долбоордун ичинен биринчисин — саясий башкаруунун жаңы форматын тандап алды. Ачык айтпаса да билгенбиз, Медет Чоканович президент биринчи жолду тандап алгандыгына байланыштуу нааразы болуп жумуштан кеткен. Эгер биринчи эмес, экинчи жол тандалганда 2010-жылы Кыргызстан башынан өткөргөн саясий жана кандуу окуялар болмок эмес", — дейт Эсеналиев.

Коомчулук Садыркуловдун өлүмү боюнча сот болуп, ага катыштыгы барлар түрмөгө отурганы менен, кылмыштын ана башында туруп, аны уюштургандар кармалбай, жазасын тартпай жүрөт деп айтып келет. Бул туурасында Гаипкулов төмөнкүчө пикирин билдирди.

"Жаныш Бакиев жазасын тарта элек"

"Буга буйрук бергендер сырттан соттолду. Негизги күнөөлү жана уюштуруучу Жаныш Бакиев болду да. Аны аткарган кызматкерлер да качып жүрбөйбү. Юридикалык жактан алганда, Кыргызстанга келбегенден кийин жазасын тартат деп эч ким айта албайт. Алар өз жазасын эми Кудайдан алат да… Кудай өзү көрсөтөт", — дейт ал. 

Гаипкулов мындан алты жыл мурдагы кандуу окуяны эстеп, ал Алматыга аттанганда эле ошол кездеги бийлик тарабынан кыймыл башталгандыгын айтат.

Медет Садыркулов с внуками
фото из семейного архифа Медета Садыркулова
Медет Садыркулов неберелери менен

Садыркулов Алматыга баратканда, 12-мартта Гаипкулов менен сүйлөшүп, ошол эле күнү кечке жуук келип каларын айткан. Бир нече убакыттан кийин чек арадан тосуп, автоунаасынан бери аңтарып, текшерип, абдан убара кылгандыгын айтып, телефон чалыптыр. 

"Түшкү саат экилер болчу. "Ушундай болуп жатат, тактачы" дегенинен мен Чек ара кызматынын штабына чалып баштаганда эле, кайра чалып "өттүм" деди. Ошону менен байланышкан жокпуз, эртеси күнү эле жаман кабарды уктук. Барсак, автоунааны да, өзүн да өрттөп салышкан экен. Сөөгүн таанууга кирдик, башкасы да болду. Толук ишенбей ДНКсын Москвага жөнөттүк, бир айдан кийин ал Садыркуловдуку экендигин тастыктаган маалымат келди",— деп эстеди ал кандуу окуяны Гаипкулов. 

Медет Садыркулов, политтехнолог Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулаймановдун автоунаа менен кошо күйгөн сөөктөрү 2009-жылы 13-мартында Аламүдүн капчыгайындагы автожолдун таманынан табылган.

Коомчулукта ал кездеги бийликтин кадамдарына нааразы болгон Садыркулов өлкөдөгү саясий абалды өзгөртүүгө белсенгени айтылып келет. Ал эми трагедиялуу өлүм боюнча сот иши бир нече убакытка уланып, 2012-жылдын ноябрында төрт киши узак мөөнөткө абакка кесилген.

6588
Белгилер:
трагедия, Медет Садыркулов, Искендер Гаипкулов, Досалы Эсеналиев, Жаныбек Бакиев, Курманбек Бакиев
Тема боюнча
Качкын президент Бакиев Кыргызстан тууралуу китебин тартуулайт