Президент Алмазбек Атамбаев. Архив

Президент башы чоңоюп кеткен ымыркайдын дарылануусуна акча бөлдү

90
(жаңыланган 12:31 15.12.2015)
Эки жашар Рахманберди гидроцефалия дартына чалдыккан. Ал мээдеги суюктуктун көбөйүшүнөн баштын көлөмүнүн чоңоюп кетишин шарттайт.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Таласта гидроцефалия дарты менен жабыркаган эки жашар Рахманбердини дарылоодон өткөрүү үчүн атасы Алмасбек Рысбаевге 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Таластын Кара-Суу айыл аймагына эки жаштагы Рахманбердинин катуу дартка чалдыкканы жазылган. Баланын эки айынан баштап башы өсүп кеткен. Медиктер ал гидроцефалия дартынан жабыркарын аныкташкан. Маалыматка ылайык, бул мээдеги суюктуктун көбөйүшүнөн баштын көлөмүнүн чоңоюп кетишин шарттайт.

Мамлекет башчы материалдык жардамдан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигине эки жаштагы Рахманбердиге медициналык жардам көрсөтүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууга тапшырма берди.

90
Белгилер:
дарт, мээ, оору, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Түрмөдөн качып кармалган террорчу Абдрахмановдун операциясына Кызыл крест акча бөлөт
Президент Айлинден тышкары 13 ымыркайга акча бөлдү

Шуулдаган парашют, айланган жер... Россиялык десантчылардын видеосу

151
(жаңыланган 21:45 09.08.2020)
Россиянын Коргоонуу министрлиги Туладагы Аба-десант гвардиясынын аскерлеринин парашюттан машыгуу учурунда секирген видеосун жарыялады.

Аталган кезектеги иш-чара Клоково аэродромунда жасалган. Аскерлер Туланын Слободка деген аймагынын жанына секирген.

Россиялык Су-27 АКШнын тыңчы учагын кайра кайтарды

Видеодон секире турган адамдын учактан абаны көздөй аттагандыгын көрүүгө болот. Бул ар бир адамды ар кандай абалга салган абал. Бирөөлөр ичиркенип жүрөгү шуу десе, экинчилерине адреналин. Видеодо парашютчунун асманда АН-2 учагынын ичинен сыртты көздөй кадам таштап, андан соң кескин айланып, андан кийин жаай каалгый жерди көздөй бараткан учурларды жана финалды, талаага келип түшкөн учурларды ырааттуу көрүүгө болот.

151
Белгилер:
парашют, Аскер, Россия
Тема боюнча
Кемелер парады. Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Видео

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

122
10-августта түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Нөшөрдөн улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Эртең,10-августта, Кыргызстандын бир нече аймактарында күн 36 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Нарын, Ысык-Көл аймактарында жана республиканын тоолуу жерлерине жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүндө жана Баткен, Таласта жаан-чачын болбойт. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас жергесинде +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын аймагында +22...+27 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин жетет.

122
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы шайлоо участогунда добуш берип турат

Белоруссия: президенттик шайлоодо Лукашенко алдыда. Exit poll, БШКнын жыйынтыгы

15
(жаңыланган 23:51 09.08.2020)
Президент аталган өлкөдө беш жыл мөөнөткө шайланат. Бул сапар эң көп добуш алган адам 2025-жылга чейин Белоруссияны башкарып турмакчы.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Белоруссияда өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 82 пайызын алды. Бул туурасында БШКнын төрайымы Лидия Ермошинага шилтеме кылып Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.

"БШКнын алгачкы маалыматы боюнча Лукашенко беш аймакта биринчи келет жатат, добуштардын саны 82 пайызды көрсөттү. Тихановскаяныкы 5 пайызга жакын", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты.  Борбордук шайлоо комиссиясы  президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныды. Алардын маалыматында, жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Ал эми exit poll жыйынтыгы бир аз айырмаланат: 

  • Александр Лукашенко — 79,7 пайыз
  • Светлана Тихановская - 6,8 пайыз;
  • Анна Канопацкая - 2,3 пайыз;
  • Андрей Дмитриев - 1,1 пайыз;
  • Сергей Черечень - 0,9 пайыз.

Президент аталган өлкөдө 5 жыл мөөнөткө шайланат. Бул сапар эң көп добуш алган адам 2025-жылга чейин бийликтин башында турмакчы.

Капа болом. Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышат

Бүгүн талапкерлердин ичинен эң көп добуш алган Лукашенко Белоруссияны 26 жылдан бери башкарып келет.

15
Белгилер:
добуш берүү, президенттик шайлоо, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
Бүгүн Белоруссияда президенттик шайлоо болуп жатат
Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме