Кыргызстандык жал-жал көз "Miss World—2015" конкурсунун мыктыларынан болду

© предоставлено Таттыбубу Самидин кызыMiss World—2015" сулуулар конкурсуна катышып жаткан Таттыбүбү Самидин кызы.
Miss World—2015 сулуулар конкурсуна катышып жаткан Таттыбүбү Самидин кызы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таттыбүбү Самидин кызы менен чогуу алдыңкы катарга Россия жана Казакстандык сулуулар да кирген.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Хайнань аралындагы (Кытай) Санья шаарында өтүп жаткан "Miss World—2015" сулуулар конкурсуна катышып жаткан Таттыбүбү Самидин кызы дүйнөнүн чар тарабынан келген 117 сулуунун ичинен алдыңкы 15-орунга илинди.

21-ноябрдан 19-декабрга чейин кытайдын Санья шаарында "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүүдө. 13-декабрдан тарта финалдык тандоо турлары башталды.

© предоставлено Таттыбубу Самидин кызы21-ноябрдан 19-декабрга чейин кытайдын Санья шаарында "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүүдө
1/2
21-ноябрдан 19-декабрга чейин кытайдын Санья шаарында "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүүдө
© предоставлено Таттыбубу Самидин кызыТаттыбүбү Самидин кызынын айтымында "Таланттар шоусу" конкурсунда Кыргызстан 15 эң мыктылардын катарына кирген.
2/2
Таттыбүбү Самидин кызынын айтымында "Таланттар шоусу" конкурсунда Кыргызстан 15 эң мыктылардын катарына кирген.
1/2
21-ноябрдан 19-декабрга чейин кытайдын Санья шаарында "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүүдө
2/2
Таттыбүбү Самидин кызынын айтымында "Таланттар шоусу" конкурсунда Кыргызстан 15 эң мыктылардын катарына кирген.

Таттыбүбү Самидин кызынын айтымында "Таланттар шоусу" конкурсунда Кыргызстан 15 эң мыктылардын катарына кирген. 

"Конкурс кечээ Grand Theatre Crown of Beauty имаратынын чоң залында өттү. Буга чейин спорттук мелдештер жана "Модель" конкурсу өткөн. Спорттук конкурста жеңишке жетүү үчүн эки мүнөттөй убакыт гана жетпей калды. Ал эми Казакстандан келген Регина Вандышева төртүнчү орунду алды. Алдыңкы ондукка Намибия, Гуама, Самоа жана Сейшель аралдарынын өкүлдөрү кирди. Ал эми россиялык София Никитчук эң мыкты 30 моделдин катарын толуктады", — деди ал.

Кыргызстандык сулуу "Дизайнердик көйнөк" конкурсунан жыдып калганын айтат. Себеби, аны Бишкектен сатып ала алган эмес. 

"Биз репетиция кылып, видеого тартылып өзүбүз тууралуу, ишибиз жана кайрымдуулук жөнүндө айтып берүүдөбүз. Андан сырткары катышуучулар менен кантип жашап жатканыбыз тууралуу да видео тарттык. Ал жакта Россиядан келген катышуучу мени эртең менен ойготуп жатканы, өзүнүн түшүндө кантип сүйлөнгөнүн тартып алдык. Кыздардын көбү түнт жана абдан саксынып турушат. Бирок, КМШдан– Казакстан, Латвия, Украина, Молдова жана Грузиядан келгендер ынак достордон болуп калдык", — дейт Самидин кызы. 

Кыргызстандык жал-жал көз алдыда өтө маанилүү конкурс турганын айтат, кыска убакыт ичинде өзү тууралуу айтып бериши керек. Алардын бош убактысы такыр жок экенин айткан Самидин кызы, убакыт боло калса эле, сууга түшүп, күнгө кактана калышарын билдирди.

Ал ошондой эле, жакын арада анын апасына операция жасалышы керектигин айтып, абдан тынчсызданып жатканын, керек болсо конкурсту таштап кетүүгө бел байлаганын кошумчалады.

"Мага учак билетин ээлеп коюшкан, мен кечээ эле учуп кетишим керек эле. Бирок апам баштаган ишиңди таштаба деп болбой койду. 19-декабрда финал болот. Мен жакында Бишкекке кайтам", — деди ал.

Былтыркы "Miss World—2014" сулуулук конкурсунда 121 кыз күч сынашкан. Таажыны Түштүк Африкадан келген Ролин Страусс алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0