Депутат азиз балдарга атайы китеп жана укук-ченемдик жыйнак тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБрайль алфавитинде жазуу. Архив
Брайль алфавитинде жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу материалдарын тапшыруу учурунда эл өкүлү Ош жана Бишкек шаарларындагы азиз жана начар көргөн балдардын мектеп интернаты компьютердик классын жабдуу үчүн 300 миң сом бөлүнө турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектеги азиз жана начар көргөн балдардын мектеп-интернатына тийиштүү китеп жана аудио версиясы менен укук-ченемдик актылардын жыйнагын тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

2-3-класстын балдарына арналган окуу китептери Кытай элчилиги, Эстония жана Венгрия консулдуктарынын колдоосу менен чыгарылган. Ал эми укук-ченемдик жыйнактар ПРООН жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган.

"Бул китеп жана жыйнактардын жардамы менен балдар укуктук билим алып, аны жумушка орношууда, окууга өтүүдө жана күнүмдүк турмушунда пайдалана алат", — деди депутат. 

Мындан тышкары, Бекешов Жогорку Кеңеш төрагасынын фондунан Бишкек жана Ош шаарларындагы интернаттардын ар бири үчүн 150 миң сомдон акча бөлүнгөнүн маалымдады. Бул каражатка атайы аудиопрограммаларды окутуу үчүн компьютердик класс жабдыла турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0