Дайынсыз жоголгон чек арачынын социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү келүүдө

© Sputnik / Эркин АлымбековДайынсыз жоголгон Бексултан Баардинов. Архив
Дайынсыз жоголгон Бексултан Баардинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт ай мурун дайынсыз жоголгон Бексултан Баардинов кыргыз-тажик чек арасындагы "Карамык" чек ара заставасында кызмат өтөгөн.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Нөөмөт учурунда жоголуп кеткен чек арачы Бексултан Баардиновдун социалдык тармактагы баракчасынан анын жакындарына билдирүүлөр келип жатат. Бул тууралуу анын апасы Майрам Закирова Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мындан бир жума мурда күйөөсүнүн карындашынын баласы Өмүрбекке "Одноклассники" социалдык тармагынан Бексултан Баардиновдон "Как, брат?" деген билдирүү келген.

"Өмүрбек ушундай кат келгенде үйүндөгүлөргө чалып "Бексултан келдиби? мага кат жазып жатат" деп чалыптыр. Ал азыр Россияда иштеп жүрөт. Жооп жазса кайта жооп бербептир", — дейт Закирова.

Ошондой эле, кичүү баласынын телефонуна да "К" деген билдирүү келгенин ал кошумчалады.

Закирова ушул билдирүүдөн кийин анын баласын издөөгө өкмөт тарабынан да жардам болсо жакшы болмоктугун айтат.

"Баламдын "Одноклассникиге" кирген сыр сөзүн андан башка эч ким билбейт да. Балким ал тирүүбү, башка жакта адашып жүрөбү деген ой кетет экен. Баламдын колдонуп жүргөн телефону мөөрлөнүп далил катары алынган. Тергөөчүлөр да телефонду эч ким колдонбогонун, мөөрлөнгөн боюнча турганын айтып жатышат", — дейт ал.

Жоголгон чек арачынын иниси: агамды сагынып жатабыз, көзү ачыктарга да бардык
Чек ара кызматы 19 жаштагы чек арачы Бексултан Баардинов 23-августта нөөмөт өтөп жатып жоголуп кеткен. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын буга чейинки берген маалыматтарына ылайык, Бексултан Баардинов Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Карамык" чек ара заставасында кызмат өтөгөн. Ал жоголуп кеткенде жанында Калашников автоматы бар экени айтылган. Чек арачыны издөө иштерине анын кесиптештери, ИИМ жана УКМК аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, издөө МИ-8 тик учагы менен да жүргүзүлгөн. Азырынча жыйынтык боло элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0