ӨКМ: Ала-Арча жана Аламүдүн суулары көзөмөлгө алынып, кышында кооптуулук жаратпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча арыгын тазалоо иштери. Архив
Ала-Арча арыгын тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондун акими кышкы сууктан улам ар кандай табигый кырсыктын алдын алуу максатында атайын техника күн-түн даяр турушу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын нугу көзөмөлгө алынып, коопсуздук жаратпайт. Бул тууралуу Октябрь районунун акими Болот Алымкуловдун аталган аймакты кыдыруусу учурунда белгилүү болду.

Райондун жетекчиси каналдардын кооптуулук жаратып, кыш мезгилинде жакын жайгашкан турак жайларды каптап кете турган жерлерин көрдү.

ӨКМ бөлүк башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө абал толугу менен көзөмөлгө алынган.

"Кооптонууга себеп жок. Каналдарды тазалоо иштери өз мөөнөтүндө аяктаган. Аламүдүн суусунун жээгин бекемдөө иштери аткарылган", — деди ал.

Аким тийиштүү кызматкерлерге суунун деңгээлин ар дайым текшерип турууну, атайын техниканын ар убак ишке даяр туруусун тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0