Жаңы жылдык балатыны кармап туруу үчүн 22 тонналык плита төшөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы жылдык балатыны орнотуу иштери. Архив
Жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы балатысын орнотуу жана жасалгалоо иштери мэриянын "Тазалык" жана "Бишкекжарык" ишканаларына жүктөлгөн.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балатыны кармап туруу үчүн түбүнө 22,5 тонналык бетон плитасы орнотулганын мэрия билдирди.

Борбордук Ала-Тоо аянтына коюлган балаты текшерилүүдө
Маалыматка ылайык, быйыл өлкөнүн башкы балатысы жасалма болуп, Кытайдан алып келинди. Бийиктиги 25 метрге жеткен балатынын каркасына 1530 бутак бекитилип, 64 миң диоддук лампа коюлду. Кечээ ага улуттук стилдеги жасалгалар жана оюнчуктар илинди.

Жаңы жылдык балатынын расмий ачылышы 19-декабрда ишемби күнү болот, ага шаар башчы Кубанычбек Кулматов катышат. Ошондой эле, балатынын ачылышы майрамдык концерт менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0