Бир сом — 2 евро же кыргызстандык акча чет өлкөдө канча турат

© Sputnik / Табылды КадырбековСом жана рубль валюталары. Архив
Сом жана рубль валюталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз сомдору менен тыйындарынын чет жерде өткөн аукциондордо туруктуу орду бар. Көп банкноттордун баштапкы баасы өз наркынан он, кээде жүз эселеп жогорулап кетет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Интернет-аукциондордо Кыргызстандын бир топ буюмдары коюлат, алардын ичинен эң эле популярдуусу — улуттук валюта.

Еbay ири аукционунда кыргыздын кол өнөрчүлүгүнөн чыккан буюмдар — шырдак, ала кийиз абдан бааланат. Булардын баштапкы баасы 390 доллардан башталат. Ал эми бир кылым мурда токулган килемдин алгачкы наркы 850 долларды түзөт.

Алардан кийинки орунда эле кыргыз улуттук валютасы турат. Мында алардын баасы өз наркынан бир нече эсе жогору болот. 

Көмүскөдөгү кыргыз сому. Улуттук валютанын эскиздери
Мисалы, 1994-жылы чыккан бир сомдуктун эки купюрасынын баштапкы баасы 3,5 еврого бааланган.

Ал эми ошол эле жылы чыккан 100 сомдук акчанын баасы кымбат — 119 доллар.

Россиялык сайттарда 2000-жылдары чыккан 1000 сомдук "Мешок" аукионуна коюлуп, баштапкы баасы 7000 рублди түзгөн.

Мында улам кийинки чыккан банкноттордун баасы мурункуларга караганда бир кыйла төмөн экенин байкоого болот. Мисалы, 2010-жылы чыккан 1000 сомдук болгону 1500 рублге бааланган.

Аукциондордо биздин тыйындар да жакшы кетет. Баалары сомго караганда төмөн болгону менен салыштыра келгенде алар бир топ жогору болуп калат. Алардын баштапкы баасы тыйындын өзүнөн жүздөгөн эсе жогору. Мисалы, бир тыйын 50 рубль турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0