ЖАМК 8,6 млн. сомго түрмөлөрдө уюлдук байланыштын толкунун басат

Жазылуу
Кыргызстанда уюлдук байланыштын толкундарын баса турган жабдыктын беш комлектисин сатып алуу үчүн тендер жарыяланды.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы уюлдук байланыштын толкундарын басуучу жабдык сатып ала турганы мамлекеттик сатып алуулардын порталында жарыяланган.

ЖАМК 18-декабрь күнү жабдык сатып алуу үчүн тендер жарыялап, буга 8 миллион 629 миң сом коротууну пландаштырып жатат.

"Келишим түзүлгөндөн кийин жабдуу 50 күндүн аралыгында толугу менен орнотулуп, ишке берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

ЖАМК жалпысынан беш комплект сатып алууну пландаштырып жатат. Жабдуу менен кайсы мекеме камсыз болору азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0