Журналистика боюнча кыргызстандык автордун китеби жарык көрдү

Жазылуу
Басылма Кыргызстандагы жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттери жана бөлүмдөрү үчүн китепканаларга бекер таркатылат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Билим жана илим министрлигинин сунушу менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика бөлүмүн башчысы, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун "Журналистика негиздери" окуу китеби биринчи жолу жарык көрдү. 

Кыргыз жазуучусу Чынгыз Торекулович Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун белгисиз жактарын окурмандарга айтып бере турган китеп чыкты
Китепте журналистиканын жалпыга маалымдоо каражаты түшүнүгү, аны түзүү жана уюштуруу, журналистиканын негизги баалуулуктары, жанрлары, журналистиканын ролу жана функциясы, журналистиканын укуктук жана этикалык негиздери баяндалат. Андан сырткары базалык категориялардан болгон журналисттик ишмердүүлүктүн натыйжасы, жалпыга маалымдоо каражатынын аудиториясы жана интернет журналистиканын теориялык жана тажрыйбалык өңүттөрү талданган. Китепти автор америкалык, европалык, орусиялык медиа изилдөөчүлөрүнүн тыянактарына, корутундуларына таянып жана өзүнүн жеке журналисттик тажрыйбаларын колдонуп жазган.

Студенттер жана жаш журналисттерге арналган басылма Кыргызстандагы жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттери жана бөлүмдөрү үчүн китепканаларга бекер таркатылат. Орунбековдун буга чейин илимий жана публицисттикалык багыттагы беш китеби жарык көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0