Таш-Көмүрдөгү өрттөн улам үй-жайсыз калгандар лицейдин жатаканасына жайгашмак болду

Жазылуу
Өрт түн ичинде чыккан. Кырсык болгон жерге келген милиция кызматкерлери жашоочуларды үйдөн алып чыгууга үлгүргөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында өрттөн жабыркап үй-жайсыз калган 11 үй-бүлө үчүн лицейдин жатаканасына жайгаша турганын ӨКМ билдирди.

Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таш-Көмүрдө милиция эшиктерди тээп ачып, уктап жаткан элди аман алып калды
Маалыматка ылайык, 21-декабрга караган түнү барак тибиндеги үйдө өрт чыгып, милиция кызматкерлери тургундарды алып чыгууга үлгүргөн. Турак жай өткөн кылымдын 30-жылдарында салынып абдан эски болгондуктан, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Туугандарыныкына жана мейманканага жайгашкан жабырлануучулар үчүн учурда лицейдин жатаканасы ремонттоло баштады. Ага шаардык мэрия 500 миң сом акча бөлдү. Мындан тышкары, кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 60 миң сомдук гуманитардык жардам жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0