Бала көтөргөн аял. Архив

Жыл башынан бери 23 кыргызстандык бала чет өлкөлүк ата-энеге ээ болду

(жаңыланган 17:02 25.12.2015)
Мыйзам боюнча кыргызстандык балдарды асыроого чет өлкөлүк жарандарга чек коюлган эмес. Тагыраагы, ыңгайы туура келсе, канча санда болсо да сурап келген кишиге бериле берет.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Быйыл жыл башынан асыроого 527 кыргызстандык бала берилип, анын 23ү чет өлкөгө кеткен. Бул тууралуу Sputnik маалымат агенттигине Социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаева билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлүктөргө балдарды асыроого берүү боюнча атайын квота жок. Шартка туура келсе балдар бериле берет. 

"Быйыл балдардын көбү АКШ менен Швецияга кетти. Алардын баары оорукчан балдар. Асырап алган ата-энелер аларга эки-үч жолудан операция жасатышты. Учурда балдардын абалы жакшы", — дейт Жумабаева. 

Чет элде дипломатиялык консулдукта иштеген кызматкерлер асыроого алынган балдарды жана алардын ата-энелерин текшерүүгө алып турууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Буга ылайык консулдук тарабынан бир жылда эки жолу балдардын абалы боюнча отчет берилип турат. 

Балдарды чет өлкөлүктөргө берүүдөн мурун кызматкерлер аларды кыргызстандык жарандарга же туугандарына сунуштайт. Майнап чыкпай калган күндө гана наристелер чет өлкөлүктөргө кетет. 

Кыргызстанда балдарды асырап алуу үчүн үй-бүлөнүн финансылык жактан толук эркиндиги каралбайт. Маселен, багып алабыз дегендердин туруктуу жашаган үйү жок болуп, бирок туруктуу маянасы же кирешеси бар болсо жетиштүү деп эсептелет. 

Асыроого берилген балдардын абалы мамлекет тарабынан 18 жашка чыкканга чейин көзөмөлгө алынганы менен жөлөк пул төлөнбөйт. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы он айдын ичинде республикадагы интернат мекемелерине 327 бала жайгаштырылган.

Белгилер:
интернат, бала, Швейцария, АКШ
Тема боюнча
Президент Айлинден тышкары 13 ымыркайга акча бөлдү
Премьер балдардын жүзүнөн сүйүп, Айлиндин ата-энесине үйдүн ачкычын тапшырды
COVID-19 менен оруган бала менен медициналык кызматкерлер. Архив

Нур-Султанда коронавирус менен ооруган балдардын саны өсүүдө

(жаңыланган 11:46 23.04.2021)
Казакстандын борборунда күнүнө коронавирустун 350дөн 650гө чейин жаңы учуру катталып жатканы айтылып, оору бөбөктөрдө да көп аныктала баштаганы маалым болду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.

"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.

Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.

Белгилер:
бала, оору, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат