Википедияда жыл ичинде кыргызча макалалар эки эсе көп жайгаштырылды

© SputnikВикипедия сайтынын кыргызча барагы. Архивное фото
Википедия сайтынын кыргызча барагы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилдүү википедиянын интернет-энциклопедиясында өсүш жакшы, андагы макалардын саны 53 миңге жетти.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргыз тилдүү Википедияда (Уикипедия) бир жыл ичинде жайгаштырылган макалалардын саны эки эсе көбөйгөн.

Планшет кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы кыргыз тилиндеги сайттарга саресеп
Кыргыз тилиндеги бөлүмү 2002-жылы 3-июнда ачылган. Уикипедия 2012-жылдан тарта активдүү толуктала баштаган. 

26-декабрга карата аталган ресурста 53 миң макала жайгаштырылган. Жыл башында бул көрсөткүч 27,5 миңдин тегерегинде эле. Эсептей келгенде, жайгаштырылган макалалардын саны эки эсеге өскөн.

2010-жылдан тарта ресурс акырындап толуктала баштаган. 2010-жылы 2 миң макала болсо, 2012-жылдын аягында 21 миңге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0