Биринчи Май районунун балдарын жомок каармандары куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековАяз ата жана аяз кыз костюмундагы артисттер. Архив
Аяз ата жана аяз кыз костюмундагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрам Аяз ата, Аяз кыз жана жомок каармандарынын оюн-зоогу менен коштолуп, бөбөктөргө белек-бечкектер тапшырылды.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы 1130 балага жаңы жылдык оюн-зоок өткөргөнүн мэрия билдирди.

Нарын шаарынын борборунда муздан чегилген маймыл коюлду
Маалыматка ылайык, майрамдык кече Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын көзөмөлүндө турган жана "Оберег" реабилитациялык борборунун балдары үчүн өттү. 

Майрам Аяз ата, Аяз кыз жана жомок каармандарынын оюн-зоогу менен коштолуп, бөбөктөргө белек-бечкектер тапшырылды.

Жаңы жылдын иш-чарага райондун бюджетинен 439,4 миң сом бөлүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0