Экс-депутат Карганбек Самаков. Архив

Экс-депутат Самаковго 59,5 млн. кошумча салык төлөмү чегерилди

132
(жаңыланган 11:13 29.12.2015)
Буга Самаковдун Аламүдүн районундагы жер тилкелерин сатуудан түшкөн каражатты жаап-жашырып, тийиштүү салыктан баш тартып келгени себеп болгону айтылууда.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынан Башкы прокуратурага Карганбек Самаковдон кошумча салык төлөмүн өндүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча өтүнүч каты келип түшкөнүн аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, салык мыйзамы боюнча Самаковго дагы 59 миллион 491 миң сом салык чегерилген. Буга экс-депутаттын Аламүдүн районундагы жер тилкелерин сатуудан түшкөн каражатты жаап-жашырып, тийиштүү салыктан баш тартып келгени себеп болгон.

Башкы прокуратура Салык кызматынын кайрылуусун Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматка жөнөткөнүн белгилейт.

Самаковго карата кылмыш иши 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлерин жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча козголуп, тергөө иштери жүрүп келген. 

Самаковдон тышкары, аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге кылмыш иши козголгон. 

Мындан тышкары, Аламүдүн райондук соту тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге айып тагылган.

132
Белгилер:
киреше, салык, Башкы прокуратура, Карганбек Самаков
Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)
Тема боюнча
БШК Самаковду, Чудиновду, Айдаралиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок
Өкмөттүн сатыкка болгон салыкты жоюу сунушун депутаттар жактырбай жатат
Паракор салыкчыны кармоо учуру. Атайын операция учурунда тартылган видео
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

131
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

131
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

226
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

226
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды