Аскер кызматкерлери үчүн турак жай куруу кийинки жылы да уланат

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенные в строю. Архивное фото
Военные в строю. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйлөр Кыргызстандын булуң-бурчунда "Аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу" программасынын негизинде курулуп жатат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Быйыл аскер кызматкерлери үчүн Бишкек шаарынын 12-кичи району менен Ош шаарында 210 батирлүү жана Баткен облусунда 90 батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевдин Бишкектеги үйдүн курулушу менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, премьер-министр аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу жана аларга тиешелүү шартты түзүү мамлекеттин жана өкмөттүн негизги максаттарынын бири экенин, бул жаатта жигердүү иштер кийинки жылы да уланаарын билдирди.

"81 батирден турган аталган үй "Аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу" программасынын негизинде 2015-жылдын 1-июлунда башталган. Учурда курулуш толук кандуу жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Турак жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыймылдагы кыймылсыз мүлк. Батирлерди чет элдиктерге сатуу сунушталууда
Муну менен катар аталган аймакка 210 батирлүү үч көп кабатуу үй курулат. Мындан тышкары Ош шаарында 210 батирлүү көп кабаттуу үйлөр жана Баткен облусунда 90 батирлүү үй курулууда.

Темир Сариев салынган үйлөрдү борборлоштурулган жылуулук тутумуна кошуу боюнча ишти тездетүү зарылдыгын белгилеп, бул жаатта Бишкек шаарынын мэриясына тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0