Батир ачкычтары. Архив

Чүйдүн 44 милиционери үй-жайлуу болушту

25
Жаңы турак жай Москва районунун Беловодское айылында курулган. Анын ачылыш салтанатына Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров катышып, президенттин атынан балдар аянтчасы үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйлөр пайдаланууга берилгенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылышка Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров катышып, милиционерлерге ачкыч тапшырды.

Жумакадыров салтанат катышуучуларын президент Алмазбек Атамбаевдин атынан куттуктап, күр түзүмдөрүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо мамлекеттин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

44 батирлүү үй Жайыл, Сокулук жана Москва райондорунун ИИБ кызматкерлерине бөлүштүрүлдү. Мындан тышкары, Жумакадыров үйдүн жанында балдар аянтчасын куруу үчүн президенттин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды. 

Быйыл жыл башынан бери милициянын 321 кызматкери мамлекеттин турак жай менен камсыз болду.

25
Белгилер:
сертификат, ачкыч, үй, турак-жай
Тема боюнча
Кыймылдагы кыймылсыз мүлк. Батирлерди чет элдиктерге сатуу сунушталууда
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

133
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

133
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

128
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

128
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео