Жаңы жылдык майрамдардан улам кыргыз-кытай чек арасы жабылат

© ФотоЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай тараптын демилгеси менен үч күнгө жабылган чек ара 4-январдан баштап кадимки тартипте иштей баштайт.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамдардан улам кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пункттары жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен чек ара 2016-жылдын 1-3-январь күндөрү убактылуу жабылат.

Жол кыймылы жана жарандардын өтүүсү 4-январдан баштап жанданмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0