Ош: жамааттык отуруштан баш тарткан ишкана балдарга белек тартуулады

Жазылуу
Ишкана жетекчиси каражатты муктаж болгон жетим балдарга жана карыларга майрам уюштурганга жумшагандыгын айтты.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги карылар жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жаңы жылдык белек тартуулады.

Аталган ишкана жаңы жылдык жамааттык отуруштан баш тарткан.

"Биздин ишкана жаңы жылдык жамааттык отуруштардан баш тартып, муну менен ишкананын жана кызматкерлердин бюджетин үнөмдөөнү чечтик. Каражатка муктаж болгон жетим балдарга жана карыларга майрам уюштуруп берүү туура көрдүк",— аталган ишкана жетекчиси Нурлан Курманбаев.

Жаңы жылды майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдык отуруштан жапырт баш тартуу тенденциясы башталды
Мындан бир нече күн мурда Ош шаарынын жетекчиси Айтмамат Кадырбаев аталган калаадагы ишканаларды жамааттык отуруштан баш тартууга үндөгөн.

Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке компаниялар арасында каражатты үнөмдөө максатында жаңы жылдык жамааттык отуруштардан баш тартуу тенденциясы жүрүп жатат. Ал эми өкмөт башчысы жакында эле жаңы жылдык көңүл ачуулардан баш тартып, анын ордуна муктаж болгон жетим жана оорулуу балдарга майрам уюштуруп берүү орундуу экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0