Оштогу жер титирөөдөн жабыркагандарга Россиядан гуманитардык жардам келет

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүРоссиянын ӨКМ кызматкери. Архив
Россиянын ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 17 миллион 610 миң сомду түзөрү айтылууда. Анда жашоочулар үчүн жууркан-төшөк, идиш-аяк, тамак-аш бар.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бүгүн кечинде Ошко жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн Россиядан гуманитардык жардам келе турганын Кыргызстандагы Россиянын элчилиги билдирди.

Жер титирөөнү көрсөтүүчү аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда болгон жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын түштүгүндө сезилди
Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Оштун Кара-Суу жана Алай райондорунда 7 баллдык жер титирөө болуп, 400 жакын үй-бүлө турак жайсыз калган. Жабыркагандарды өкмөт мобилдүү турак жай менен камсыздап, атайы эсеп ачкан.

Маалыматка ылайык, Россиядан 30 орундуу кырк кышкы чатыр, 1200 жууркан, 1200 комплект идиш-аяк, 80 меш, демделип консерваланган 10 тонна уй эти жана 5 тонна балык этинин келиши күтүлүүдө. Гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 17 миллион 609 миң 840 сомду түзгөн.

Учурда мобилдүү турак жайлар үчүн курулуш материалдарын жөнөтүү боюнча иш жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0