Россиянын президенти Путин кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын мамлекет башчысы Владимир Путин. Архив
Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эки өлкөнүн бакубатчылыгы Борбордук Азияда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү фактору болуп калаарына ишенимин билдирди.

БИШКЕК, 30-дек. – Sputnik. Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу КРдин президентинин маалымат кызматынан билдирди.

Куттуктоо телеграммасында кыргыз-россиялык мамилелердин бардык түйүндүү багыттарында сезилерлик ийгиликтер болгону айтылат.

"Биз аймактык иштерде өнөктөшүп, өз ара аракеттенишүүнүн алкагын кеңейте алдык. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу да зор мааниге ээ болду", — деп белгиленет телеграммада. 

Путин Атамбаевге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0