Парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаков. Архив

Самаков миллиондогон карызы боюнча сотко кайрылды

162
(жаңыланган 17:49 30.12.2015)
Буга чейин экс-депутат мамлекетке 60 миллион сомго чукул салык төлөөгө милдеттендирилгени айтылган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаков кошумча салык чегерүү боюнча Салык кызматынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылганын Бишкектин район аралык соту билдирди.

Буга чейин жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоосу үчүн үчүн кылмыш иши козголгон экс-депутат кошумча салык катары 59 миллион 491 миң сом төлөөсү керектиги айтылган. 

Мамлекеттик салык кызматы 23-декабрь күнү Башкы прокуратурага Самаковдон аталган сумманы өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Прокуратуранын айтымында, кошумча төлөмгө Самаковдун Аламүдүн районундагы жер тилкелерин сатуудан түшкөн киреше салыгын төлөөдөн баш тартуусу себеп болгон. 

Башкы прокуратура Салык кызматынын кайрылуусун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөттү. Доо арызды кароо 11-январга белгиленген.

Самаковго карата кылмыш иши 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлерин жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча козголуп, тергөө иштери жүрүп келген. 

Самаковдон тышкары, аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге кылмыш иши козголгон. 

162
Белгилер:
арыз, сот, жер, Карганбек Самаков
Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)
Тема боюнча
Экс-депутат Самаковго 59,5 млн. кошумча салык төлөмү чегерилди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

128
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

128
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

222
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

222
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды