Чет жактагы мекендештер жаңы жылды кантип тосушат?

© Mирлан БектурсуновЯпонияда жаңы жылдык кооздолгон көчө.
Японияда жаңы жылдык кооздолгон көчө. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет мамлекетте иштеп, окуп, жашап жаткан мекендештер жаңы жылды түрдүүчө тосушат. Кээси учакта тоссо, башкалары жумуш ордунда болушат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылды утурлай чет жакта жашап, иштеп жүргөн мекендештердин ал-абалын сурап, майрамды кандай тосо турганына кызыгып көрдүк. 

Учурда АКШнын Чикаго шаарында жашап жаткан Кенжебек Бактаев жаңы жылды Кыргызстанда тоскондой тосууга аракет кыларын айтты.

© Кенжебек БактаевКак встречают новый год кыргызстанцы зарубежом
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом - Sputnik Кыргызстан
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом

"Биз Жаңы жылды колдон келишинче Кыргызстандагыдай кылып тосконго аракет кылабыз. Сөзсүз түрдө балаты коебуз, үйдү кооздойбуз. Бул жакта тууган-урук жок болгондуктан, бир нече үй-бүлө чогулуп бирге тосуу ниетте бар", — дейт ал. 

Бактаевдин айтымында, америкалыктар жаңы жылга көп маани беришпейт, андан көрө 25-декабрдагы Рождество күнүнө карата аябай даярдык көрүшөт. 

"Бул күнү бизнестен тартып, мектеп жана мамлекеттик мекемелердин баары жабылат. Биз дагы ага шылтоо кылып үйдө эс алып алабыз. Анткени эшикке чыксаң бир жан болбойт", — дейт Бактаев.

Ал эми Дубай шаарында иштеп жүргөн Айгүл Жаманкеева жаңы жылды учакта тосушу мүмкүндүгүн айтат. 

© предоставлено Айгүл ЖаманкеевойКак встречают новый год кыргызстанцы зарубежом
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом - Sputnik Кыргызстан
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом

"Мен авиакомпанияда иштегендиктен жаңы жылда чет өлкөгө учууга туура келет. Ал эми менин досторум жакындары, жоро-жолдоштору менен кезигүүгө аракет кылышат. Бири-бирине кичинекей белек болсо дагы алышат", — дейт ал.

Жаманкеева Дубайдын ичи майрамга карата аябай кооздолуп, туристтердин жаңы жылдык маанайы шат болушу үчүн шаар бийлиги абдан аракет кылып жатканын айтты. 

"Жылдагыдай дүйнөнүн эң чоң фейерверки күтүлүүдө. Эл шаардын эң бийик "Бурж Халифа" имаратына ар кайсы жерден фейерверкти көрүүгө үч саат мурун келүүгө аракет кылышат, антпесе жаңы жылды машинада тосуп калуусу ыктымал", — дейт ал.

Австралиянын Мельбурн шаарында жашаган Анаркүл Мааданбекова быйыл жаңы жылды үйүндө тосорун билдирди.

© предоставлено Анаркүл МааданбековойКак встречают новый год кыргызстанцы зарубежом
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом - Sputnik Кыргызстан
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом

"Жылда кыргыздар топтолуп чогуу тосчу элек. Быйыл 2015-жылын жакшы узатып жатат окшойбуз, себеби баарыбыз бирден ымыркайлуу болдук. Андыктан 2016-жылды ар бирибиз үйдө эле тосмой болдук. 31-декабрда 40 градуска чейин ысыйт. Андыктан балдарыбыз менен үйдө эле болобуз", — деди Мааданбекова. 

Ал өз сөзүндө Австралияда 31-декабрга эмес, 25-декабрга көп маани берилерин, бул күнү бардык тургундар Рождество майрамын белгилешерин кошумчалады.

Италиянын Рим шаарында 13 жылдан бери жашап, иштеп жүргөн Гуля Жолдошева жаңы жылды иш ордунда тосорун айтат.

© предоставлено Гулей ЖолдошевойКак встречают новый год кыргызстанцы зарубежом
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом - Sputnik Кыргызстан
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом

"Бул жака келгенден бери эле жаңы жылды Кыргызстандагыдай даярданып тоспой калдым. Себеби, жумушта болом. 1-январда убактыбыз болсо бул жактагы мекендештер менен чогулуп, тамак ичип бири-бирибизди куттуктайбыз. Бул жактагы мекендештердин басымдуу бөлүгү балдарды жана кары-картаңдарды карап иштешет. Андыктан жаңы жылда жумушта болушат", — деди ал.

Жолдошева Италиянын башка шаарларында жашаган мекендештер чогулуп жаңы жылды майрамдашы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Япониянын Саппоро шаарында жашап жаткан Mирлан Бектурсунов майрам түнү Бишкектеги туугандары менен интернет аркылуу бокал кагышарын билдирди.

© Mирлан БектурсуновКак встречают новый год кыргызстанцы зарубежом
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом - Sputnik Кыргызстан
Как встречают новый год кыргызстанцы зарубежом

"Быйыл мурдагы жылдардагыдай эле үйдө тосом. Саат 12.00дө Бишкектеги үй-бүлөм менен интернет аркылуу бокал кагышам. Анан көзүм илинип кеткиче китеп окуп жатам. Бул жерде мекендештер салыштырмалуу азыраак. Саппородо болсо мен жалгызмын. Башка шаарларда жолуккандар болсо керек", — дейт ал.

Mирлан Бектурсунов Японияда жаңы жыл тосуунун айрым өзгөчөлүктөрүн мындайча айтып берди. 

Менин байкашымча жапондор бир аз тынчыраак тосушат. Албетте Жапониянын баардыгы эле андай эмес. Чоң шаарларда жаңы жылдык "программа" жакшы эле шаан-шөкөттүү деп угам. Бул эми, учурдагы чоң шаарларга таандык көрүнүш деп түшүнсөк болот. 

Өлкө жетекчилери жаңы жылды кайдан тосот?
Ал эми, жалпы жонунан айта турган болсок, салттуу түрдө жапон 28-декабрга чейин иштейт. 28-декабрдан баштап "жикка" деп коюшат, көбүнчө өздөрүнүн "кичи мекенине" кайтышат (жапондор мектепти бүтүргөн жаштан башташып жашоосунун калганын сыртта, башка облус, өрөөндө өткөрөт). Биздей эле болуп анан, жаңы жылга чейин "Осоожи" – "генералдык уборка" жасоого үлгүрүш керек. 31-декабрда бүт үй-бүлө чогулуп, бир жыл ичинде бири-бирин сейрек көргөнүнө байланыштуу (жумушсуздуктун деңгээли 3.3%) ал-акыбал сурашып отурушат. Саат 12 болгондо жакынкы храмдан коңгуроонун үнү угулат. Эң кызыгы, жапон саат 12ден кийин үйүнөн чыгып ошол храмга сыйынганы барат. Бир эле храмга барбастан, тегерек четте эки храм болсо, экөөнө тең барып сыйынып келет. 

Бизден айырмасы, ички жана сырткы туризми жакшы өнүккөн. 1-январдан баштап 2 күндүк саякатка чыккандар да аз эмес. Транспорт системасы эң мыкты өнүккөндүктөн Жапониянын каалаган жерине бат жете алышат (өлкө боюнча 170тен ашык аэропорт иштейт. "Лоукостер" кампаниялардын да кызматы жакшы. Мисалы мен жашаган Саппородон — Токиого билеттин баасы 10 миң иен болот. Орто айлык 317 миң иен. (болжолу 2,500$)

Дагы бир кызыгы кат жазып куттуктоосу. Биз жапондорду техникалык жактан өнүккөн коом катары кабыл алабыз да. Бирок кол менен кат жазуу дагы да болсо коомдо кеңири таралган. Тааныш, алыс туугандар, кесиптештердин арасынан жакын адамдары болсо сөзсүз "жаңы жылдык ачык кат" жөнөтүшөт. Бул күндөрү почтага барсаң кеминде эле 15 мүнөт кезекке турмай.

Жаңылыктар түрмөгү
0