Жаңы жылда "Ала-Тоо" аянтында коомдук тартипти 1500 милиция кызматкери камсыз кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери Ала-Тоо аянтында.
ИИМ кызматкерлери Ала-Тоо аянтында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянтка мас абалындагы тургундар киргизилбейт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук аянтында бүгүн коомдук тартипти 1500дөй милиция кызматкери сактай турганын ШИИБден билдиришти.

Өлкө жетекчилери жаңы жылды кайдан тосот?
Маалыматка ылайык, 29-декабрдан 1-январга чейин шаардык милициянын 2200 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт. 

Өзгөчө көңүл иш чаралар көп боло турчу жерлерге бурулат. Алар: "Ала-Тоо" аянты, эски аянт, парктар. Андан сырткары борбордук аянттын айланасы курчоого алынып, мас абалындагы жарандар киргизилбейт.

ИИМден билдиргендей өлкө аймагындагы укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0