Ошто үч жүздөн ашуун имамдар окутуудан өттү

Жазылуу
Кыргызстандагы имамдар Түркия, Россия мамлекеттеринен билим деңгээлин жогорулатып келишкен.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Ош облусунда 2015-жылы 333 дин кызматкери атайын окуудан өтүп, билим деңгээлин жогорулаткан. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

"Ош облусунун аймагынан Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан даватчылар үчүн ачылган окуу курсунан 60 даватчы, имамдардын билимин жогорулатуу үчүн уюштурулган окуу курсунан 24 мечит имамы, Ош мамлекеттик университетинин Теология факультети тарабынан уюштурулган атайын окуу курсунда 25 мечит имамы, Бишкек шаарында "Ыйман" фондунун окуу курсуна жети райондун баш имам хатибдери жана медресе мүдүрлөрү окуудан өткөн", — деди Ош облусунун мусулмандар казыятынын адиси Ыманали Матраимов.

Имам окуучуларды диний маалыматты муфтият сунуштаган китептен алууга үндөдү
Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу багытындагы уюштурулган Түркия мамлекетинде өткөн 40 күндүк окуу курсуна үч имам, Москва шаарында уюштурулган окуу курсуна эки имам катышып, тажрыйба алмашып келген.

Эл аралык уюмдар тарабынан имамдарды ар тараптуу өнүктүрүү багытында уюштурулган окуу семинарларга 200дөн ашуун имам катышкан. Жалпысынан алганда, 2015-жылы Ош облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы 333 дин кызматкерлери жана мечит имамдары диний билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу окууларынан өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0