Улуттук филармония мэриянын жаңы жылдык сынагын жеңип алды

© пресс-служба мэрии города БишкекТоктогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыш айынын башында шаардык муниципалитет жаңы жылга карата борбор калаадагы имараттардын жасалгасына конкурс жарыялаган.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияниясы мэрия тарабынан жарыяланган жаңы жылдык сынакта биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Премьер министр баштаган өкмөт мүчөлөрү жаңы жылды борбордук аянттан тосушту
Декабрь айынын башы менен мэрия Бишкек шаарындагы имараттардын жана айланасынын жаңы жылдык жасалгасына сынак жарыялаган. Конкурска райондук администрация, министрлик, мекемелер, бюджеттик уюмдар жана жеке ишканалар катышкан. 

Жеңүүчүлөр өзгөчөлөнгөн аракет, жарыктандаруу, аймактын камтылышы сыяктуу критерийлердин негизинде тандалды.

Шаардык муниципалитет филармониянын жамаатын куттуктап, мыкты жасалгасы үчүн сертификат тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0