Ош шаарынын мэри көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулугун текшерди

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көп кабаттуу үйлөргө жылуулуктун берилиш сапатын текшерүү кезинде.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көп кабаттуу үйлөргө жылуулуктун берилиш сапатын текшерүү кезинде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын 24-декабрында көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу өтүнүчү менен мэрге кайрылышкан.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кечээ калаадагы "Кулатов" кичи районундагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулуктун берилиш сапатын текшерип чыкты. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштогу жылуулук менен камсыздоочу жайларга көмүр керектүү көлөмдө топтолгон
Өткөн жылдын 24-декабрында аталган кичи райондогу № 12, 13, 14 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары мэрге жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Мэриядан "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасына кубаттуулугу 1 мегаВатт болгон кошумча от казанын орнотууга тапшырма берилип, ал 29-декабрда аткарылган.

Бул иштерден кийин шаардын жашоочулары мэрге ыраазычылыгын билдиришти деген билдирүү таратты мэриянын маалымат кызматы.

"Кыргызстанда материалдык-техникалык базасы жакшыртылган жылуулукту камсыз кылган биздикиндей бир дагы ишкана жок. Андыктан, үйлөрдү жылытуу эң жогорку сапатта болушу керек", — деген мэр Кадырбаев.

Аталган үйлөрдө 180ден ашуун батирлер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0