Көңүлдү көтөрүп, ууртка жылмаюу тартуулаган видеолор

Жазылуу
Техниканын өнүгүшү менен эл арасында көпчүлүккө билинбеген таланттуу, идиреги бар кишилер бар экенин билип-көрүүдөбүз. Телефонго же башка аппараттарга тартылган мындай видеолорду көрүп, суктанса болот.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргыз табиятынан бийге жакын келип, музыканын ыргагына дене боюн жаза бийлейт. Буга далил катары "кара жоргону" айтсак болот. Айыл жеринде мындан башка бийдин түрүн катыгын берип, тытып бийлегендер да жок эмес. Андайлардын катарына береги видеодогу кызыл күрмө кийген баланы кошсок болот.

Ал эми бул видеону көргөн соң кодолек минип турган балакай циркте эле дрессировщик болуп иштесе таланты ачылмак деген ой келет. Себеби, анын кодолеги сыйкырдуу камчынын жардамы менен ээсинин каалаганын аткарат экен. Баарынан да видеонун аягы сонун бүтөт. Дал ошол жерин көрбөй калбагыла.

Айтылуу акын Элмирбек Иманалиевге таандык, Элмира Кайып кызы аткарып чыккан “Булбулум, булбулум ай, буулуккан кургурум ай”… деген ыр саптарын баарыбыз эле жатка билсек керек. Мына ушул чыгарманы өзүнүн коңур үнү менен жүрөккө жеткире аткарган мектеп окуучусу сиздин да жүрөккө жетип, тоңуп турган музду эритсе керек.

Кычыраган кыштын күнү талаадагы аппак кардын үстүндө эмне кылуу керек? Албетте улак тартып, көңүл ачуу кажет. Оюндун кызуусуна кирип алып, үшүгөндү билбеген, эшек минип алып улак тартышкан күндөрдү бул видеону көрүп эстесеңиз болот. Эх, айылым, менен айылым.

Жаңылыктар түрмөгү
0