БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек горнизонунун аскер сотунун чечими менен курал колдонгон жоокер үй камагына чыгарылгандыгын Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Таалайбек Мырзабаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, аскер сотунун мындай чечимине Бишкек горнизонунун аскер прокуратурасы макул эместигин билдирип жогорку инстанция республикалык аскер сотуна кайрылмай болду.28-декабрда эртең менен №714 аскер бөлүктө бир аскер кызматкеринин өлүмү менен аяктаган кырсык катталган. Экинчи жоокер оор абалда ооруканага жаткырылган.
Мырзабаев реанимацияда жаткан баланын абалы жакшырып, анын денесине тийген октор алынганын айтты.
"Жаракат алган аскерге үч ок тийген. Колуна жана курсагынан ок алынды. Төшүнө тийген окту дарыгерлер аны азыр алуунун кажети жок, аны менен деле жашап жүрсө болот деген маалымат беришкен. Ок адамдын негизги орган мүчөлөрүнө тийген эмес. Баланын апасы жана гвардиянын эки аскер кызматкери жанында болуп жатат. Жаракат алган аскер туруп басып жүрөт жана шорпо-шилең ичип калды. Жарадар болгон жоокерди аскер прокуратурасынын кызматкерлери келип сурак ала элек", — дейт Мырзабаев.
Ал ооруканада жаткан аскер 10-январлардан кийин ооруканадан толук чыгышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Ал эми каза болгон жоокердин жакындарына акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам берилгенин Мырзабаев билдирди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.