Атайын мекемелер селсаяктарды кабыл алып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСелсаяк баш паанек жайда. Архив
Селсаяк баш паанек жайда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордо 114 үй-жайы жок адам камкордукка алынды. Атайын мекемелер бир маал ысык тамак менен баш паанек берүүнү улантууда.

БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Кышында селсаяктар суукка тоңбоосу үчүн ачылган мекемелер, баш маанекке муктаж адамдарды кабыл алууну улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбордун аймагында дайыма жана убактылуу иштеген мекемелер баш паанеги жок адамдарды кабыл алып келет. 

Кишенге алынган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта селсаяктын өлүмүнүн бети ачылды
Жаңы жылдык эс алуудан тарта мекемелерде 114 үй-жайы жок адамдар камкордукка алынган.

2015-2016-жылдын кыш маалында селсаяктарга бир маал тамак менен камсыздаган бир нече мекемелер ачылган. 

Биринчи май районунда жайгашкан "Коломто" мекемесинде 70 адам бар. Аталган мекеме үзгүлтүксүз иштейт. 

Муктаж адамдар Свердлов районундагы Фере көчөсүндө №34 "А" дарегиндеги мекемеге, Октябрь району боюнча 12-кичи район Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан мекемеге кайрылууга болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0